Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бет аарчы, жүз аарчы. Бирасыл үйдө олтуруп кол жоолук жасады (Каралаев). 2. өт. Өз алдынчалыгы жок, бирөөнүн эркине баш ийген, бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн кызмат кылган. Бошкойдой төбөлдөргө жасакерленип, алардын кол жоолугуна айлансам, биз да байыр элек (Бейшеналиев).